Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 76га жетти

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 76га жетти

Түркиянын түштүк-чыгыш провинцияларында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын кесепетинен 76 адам каза болуп, 440 адам жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү ТРТ телеканалы Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына таянуу менен билдирди.

«Саат 06:30га карата (жергиликтүү убакыт боюнча) жети дубанда 76 адам каза болуп, 440 адам жаракат алды», — дешти адистер.  Жер титирөөнүн очогу Кахраманмараштын Пазарчик району болгон 7,4 баллдык катуу силкинүү 6-февралда эртең менен болгон.

Бийлик көптөгөн имараттар кыйраганын жарыялады. Ички иштер министри Сулейман Сойлу бир катар аймактарда эң жогорку деңгээлде жер титирөө болгонун жарыялады.  Жер титирөө коңшу мамлекеттерде – Сирияда, Ливанда да сезилген. Сириянын түндүгүндө темир жол кыймылы токтотулду. Алеппо шаарына жакын жерде, ошондой эле Латакиянын чет жакаларында бир нече имараттар урап түшкөн.

Каза болгондор жана жарадар болгондор да бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>