Түркиядан келген жүктүн салмагын азайтып жазуу фактысы аныкталды

Түркиядан келген жүктүн салмагын азайтып жазуу фактысы аныкталды

Түркиядан ташылып келген жүктүн салмагын азайтып көрсөтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бажы жана УКМКнын 6-башкармалыгынын кызматкерлери «А.Т.» ЖЧКсы бажы органдарына товардын салмагы тууралуу туура эмес маалыматтарды бергенин ачыктаган. Ал жүк (кездеме, жип, парда ж.б.) ишкананын убактылуу кампаларынын биринде сакталып турган.

Түркиядан ташылып келген жүктүн салмагы 23 тонна 635 кг болгон. Бирок документтерде 20 тонна 364 кг деп көрсөтүлгөн.

«Таразага салып текшерүүдө салмак көзөмөл кызматкери расмий документке кол менен өзгөртүү киргизип, жасалмалаганы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча материалдар каттоого алынып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>