Кыргызстан жана Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзөт

Кыргызстан жана Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзөт

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 10-октябрда өткөн жыйынында Министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, колдоо тапты.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган маселе боюнча экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов маалымат берди.

Бул макулдашуунун долбоорунун негизинде Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда уставдык капиталы 25 миллион АКШ долларын түзгөн биргелешкен эки тараптуу инвестициялык фонд түзүү сунушталууда. 25 миллион АКШ долларын түзгөн уставдык капиталды азербайжан тарап кошот.

Уставдык капиталды 50 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүү пландалууда. Уюмдун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашат. Фондду түзүү инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү үчүн түрткү болоору белгиленди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>