Депутаттык комиссия Бишкектеги тергөө абактарын көрүп келди (сүрөт)

Депутаттык комиссия Бишкектеги тергөө абактарын көрүп келди (сүрөт)

Жогорку Кеңештин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы 25-сентябрда, Бишкектеги эки тергөө абагын жана шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу, депутаттар Марат Мураталиев, Бакыт Тентишов, тиешелүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эксперттерден турган топ алгач Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына барган. Алар убактылуу кармоочу жайдын шарттары менен жеринде таанышып, ар бир камераны көрүп чыккан.

Андан соң комиссия Жазаларды аткаруу кызматына караштуу №1 тергөө абагына барган.

«Комиссия мекеменин кармоо шарттары менен таанышып, иши тергөөдө же сотто каралып жаткан кээ бир кармалгандар менен баарлашып, алардын үнүн укту. Кыдыруунун жүрүшүндө депутаттар аялдар, эркектер отурган камераларды, тамактануучу жайларды, сот отурумдарына онлайн катышууну камсыздаган кабинеттерди көрүп чыгышты.

Комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу ар бир кармоо жайларынын жетекчилеринен талаптагыдай эрежелердин сакталышына көңүл буруп, мында кызмат өтөгөндөрдүн эмгек маянасын, тамак аштын жетиштүүлүгүн тактады», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле депутаттык комиссия УКМКнын тергөө абагында кармалган адамдардын абалы менен да таанышкан.

Белгилей кетсек, быйыл 14-июнда Жогорку Кеңеште мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>