Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Түркмөнстандын жаңы президенти Сердар Бердымухамедов деп таанылды
15.03.2022 | 13:41
Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо аяктады. Бул тууралуу Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты билдирет.
Шайлоодо тогуз талапкер ат салышканы такталды. Добуштардын көбүн – 72,97 пайызды экс-мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов алды.
«Түркмөнстандын Шайлоо кодексине ылайык жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Бердымухамедов шайланган президент болуп таанылды», — деп айтылат БШКнын сайтында.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар