Тышкы иштер министрдин милдетин аткаруучу эмгек жамаатына тааныштырылды

Тышкы иштер министрдин милдетин аткаруучу эмгек жамаатына тааныштырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тышкы иштер ведомствосунун жамаатына Тышкы иштер министринин м.а. Жээнбек Кулубаевди тааныштырды.  Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кожошев жаңы министрдин дипломатиялык кызматтагы практикалык иш тажрыйбасы жана жогорку кесипкөйлүгү тууралуу жылуу пикирин билдирип,  Жээнбек Кулубаевдин жогорку квалификациясы Президент тарабынан түзүлгөн мамлекеттин тышкы саясий багытын тутумдуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде тышкы иштер министринин м.а. Жээнбек Кулубаев республиканын жогорку жетекчилигине көрсөтүлгөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин жамааты менен биргеликте ага жүктөлгөн ишенимди актоого бардык күч-аракетин жумшаарын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>