Тышкы иштер министри БУУнун Башкы катчысы менен жолукту

Тышкы иштер министри БУУнун Башкы катчысы менен жолукту

25-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымады.

Жолугушуунун жүрүшүндө бүткүл дүйнөлүк уюмдун жана эл аралык мамилелердин учурдагы күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Айдарбеков Кыргызстан БУУну реформалоо боюнча, Туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүдө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө Башкы катчыны колдоорун белгиледи.

Мындан сырткары Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүү жана улуттук институттарын бекемдөөнү улантат деп кошумчалады.

Тараптар ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоого жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга, терроризмге жана экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин, ошондой эле Борбордук Азияда регионалдык кызматташууну күчөтүү, анын ичинде радиоактивдүү калдыктар көйгөйүн чечүү жана суу ресурстарын колдонуу маселелерин талкуулашткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>