Тышкы иштер министри Франциядагы кыргыздар менен жолугушту

Тышкы иштер министри Франциядагы кыргыздар менен жолугушту

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Францияда жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти билдирди.

19-ноябрда болгон жолугушуунун жүрүшүндө Айдарбеков чет өлкөдөгү жарандарынын укуктарын коргоо жаатында министрликтин чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин иши эң маанилүү экенин баса белгилеген.

Ошондой эле Францияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына консулдук-укуктук колдоо көрсөтүү маселелери, кыргыз-француз  карым-катышы жана эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашуу болгон.

ТИМдин  Чет өлкөдөгү мекемелердин консулдук ишмердүүлүгүн оптималдоо алкагында министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана мекендештер менен байланышуу боюнча ушул жылдын август айында өткөн президенттин алдындагы жыйынынын натыйжасы тбоюнча маалымат берилген.

Аталган жолугушууда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да катышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>