Түштүк Кыргызстан “Орел&Решкада” (ВИДЕО, ФОТО)

Түштүк Кыргызстан “Орел&Решкада”  (ВИДЕО, ФОТО)

Украинанын “Новый канал” телеканалынын “«Орел&Решка. Чудеса света»” берүүсү Кыргызстанды тартып кетти.

11-сентябрь күнү каналды расмий ютуб каналына жүктөгөн 47 мүнөттүк телеберүүдө өлкөнүн түштүк аймагындагы кызыктарды көрсөткөн. Топоз минген, кыргыздардын каада-салтын көрүп, Ош шаарынын кайнаган жашоосун татыган. Айрыкча туристтик милициябызга абдан таң калган.

Телеканалдын расмий сайтындагы маалыматтарга караганда, 2021-жылдын февраль айынан бери “Новый канал” телеканалынан чыга баштаган. Кечээ жүктөлгөн видеону 73 миңден ашык киши көрүп койду. Ютубдагы видеонун алдындагы комментарийлерге үңүлсөк Кыргызстанга суктанып жатышат. Жалаң гана жакшы пикирлер…

Ош шаарынын мэриясынын мурдагы пресс-катчысы Азамат Абсатаровдун айтымында, телеберүү мындан 1,5 ай илгери тартылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>