Грек-рим балбаны Асан Жанышов Испанияда өтүп жаткан 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы (U-20) күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алтын байгесин утту.
87 кг салмакта күрөшкөн Асан Жанышов финалда азербайжандык Жожу Самадов менен күч сынашты. Ал атаандашын 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, 20 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө чемпиону болду.
Ошондой эле 130 кг салмакта Самаган Ормонов коло байгенин ээси болду.