Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон келин менен жолукту

Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон келин менен жолукту

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон келин менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Келиндин айтымында, ал 27 жашта. Жети жашына чейин апасынын колунда, атасыз чонойгон. Бала кезинде апасы экөө Бишкекте жана Казакстанда жашашкан. Жети жашында апасы Сокулук айылындагы баласы жок үй-бүлөгө асырап алганга таштап кеткен. Ал жерде 2011-жылга чейин ата-энеси жок он чакты өзү курактуу балдар-кыздар менен чогуу тарбияланган.

2011-2023-жылдары Казакстанда ар түрдүү жумуш кылып иштеген. Чогуу тарбияланган жигитке турмушка чыгып, 3 балалуу болушкан (2, 4, 5 жашта). Жолдошунун кургак учук оорусунун жугуштуу түрү менен ооруп калгандыгына байланыштуу быйыл июнь айында Кыргызстанга кайтып келишкен. Августтун башында жолдошу каза болгон. Азыркы маалда Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде убактылуу жашап, финансылык кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө.

Жолугушуу учурунда Ташиев маселелерин чечүүгө жардам берерин убада кылып, материалдык жардам көрсөткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>