Үч айда Кыргызстанга тартылган чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы 34%га өстү

2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстанга тартылган чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү 386,7 млн долларды түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 34%га көп, анда көлөм 288,2 млн доллар болгон. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Инвестициялардын эң чоң көлөмү финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу секторуна багытталып, 93,6 млн доллардан ашкан. Иштетүү өнөр жайына 90,1 млн доллар тартылган.
Тармактар боюнча инвестициялардын көлөмү жана өсүшү төмөндөгүдөй болгон:
- Дүң жана чекене соода: 64,5 млн доллар (өсүш 137 пайыз);
- Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк: 49,5 млн доллар (26 эсеге өскөн);
- Маалымат жана байланыш: 46,9 млн доллар (өсүш 75 пайыз);
- Кен казуу: 10,2 млн доллар;
- Саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө: 7,4 млн доллар;
- Мейманкана жана ресторандар: 6,3 млн доллар;
- Кыймылсыз мүлк менен операциялар: 6,1 млн доллар;
- Транспорт жана жүктөрдү сактоо: 5,4 млн доллар;
- Курулуш: 2,5 млн доллар;
- Административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк: 3,1 млн доллар.
Электр энергиясы, газ, суу менен камсыздоо, айыл чарба жана билим берүү тармактарына тартылган инвестициялардын көлөмү 0,01 млн доллардан 0,2 млн долларга чейинки сумманы түзгөн.
Түз инвестициялардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:
Инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 30%ы (115,8 млн доллар) Бишкек шаарына туура келген. Талас облусуна 80,3 млн доллар (20,7%), Нарын облусуна 69,7 млн доллар, Чүй облусуна 68,6 млн доллар жана Жалал-Абад облусуна 43,3 млн доллар инвестиция салынган.