Европада ысыктан 1300 адам каза болду. Кыргызстан үчүн да ушундай коркунуч барбы?

Европа өлкөлөрүндө аптаптуу ысыктан адам өлүмү көбөйүп жаткан учурда (ДССУнун маалыматына ылайык, 1300дөн ашуун адам каза болгон) жана массалык иш-чаралар токтотулуп жатканда, Бишкекте да абанын температурасы +38…+42°C чейин көтөрүлүп жатат. Эксперттер Борбор калаанын тургундарын эмнелер күтүп жатканы, эмне үчүн кургак климат бизди коргой турганы жана шаардыктарга кандай реалдуу коркунучтар бар экени тууралуу айтып беришти.
Европада эмне болуп жатат?
Күндүн катуу ысышынан улам Германияда иш-чаралар токтотулуп, алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө киргизилүүдө, ал эми бийлик өкүлдөрү көчөдө бара жаткан адамдарга өрт өчүрүүчү унаалардан суу чачууда. Бул кырдаалда өлкөдө кондиционерлерди орнотууга киргизилген тыюу салууларга карата нааразычылыктар күчөөдө.
Францияда Париждин бийлиги дем алыш күндөрү коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салды. Эйфель мунарасы жана Лувр музейи коноктор үчүн адаттагыдан эрте жабылууда.
Испания 40 градустан ашык температурадагы ысыктан жабыркап жатат, улуттук метеоагенттик жакынкы бир ай ичинде ушундай ысык сакталарын божомолдоодо.
21-июндан бери Европадагы өзгөчө аптап 1300дөн ашык адамдын өмүрүн алганын ДССУнун башкы директору Тедрос Гебрейесус билдирди. Анын айтымында, европалыктардын үйлөрү, мектептери жана кеңселери мындай жогорку температурага ылайыкташкан эмес. Бардык өлүмдөрдүн 85%га жакыны 65 жаштан ашкан адамдарга туура келген. Эң көп жабыркаган аймактар: Иль-де-Франс, Новая Аквитания, Бретань жана Нормандия.
Ал эми Бишкекте абал кандай?
Жайында Бишкекте температура көбүнчө +38…+40°Cге жетет, ал эми кээде 41–42 градуска чейин көтөрүлөт. Reporter.kg борбор калааны европалык шаарлардын тагдыры күтүп жатабы же жокпу, аныктап көрдү.
Биринчи Май районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун (БҮМБ/ОЦСМ) директорунун энени жана баланы коргоо боюнча орун басары Диляра Искакова Бишкекте мындай аптап эмне үчүн Европага караганда жеңилирээк өтөрүн түшүндүрдү. Мунун негизги фактору — нымдуулук.

«Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу Бишкекте жай айы кургак болот. Ал тургай температура 40–41 градус болгондо да нымдуулук көп учурда 15–30% чегинде болот. Бул тердин тез бууланып, денени натыйжалуу муздатарын билдирет», — деп түшүндүрдү ал.
Ал эми Европага мүнөздүү болгон жогорку нымдуулукта организм негизги муздатуу механизминен, тердөөдөн, ажырайт, мындан улам дененин температурасы тезирээк көтөрүлүп, жылуулук соккусун алуу коркунучу өсөт.
Ошол эле учузда эксперт аптап балдар, кары-картаңдар жана өнөкөт оорулары барлар үчүн кооптуу бойдон кала берерин баса белгиледи. Баланын ысык өткөнүнүн белгилерине: адаттан тыш алсыздык, уйкучулук, кыжырдануу, баш оору, кусуу (кускусу келүү), денеси тердебей кургак жана ысык болушу, ошондой эле зааранын аз чыгышы кирет.
Искакова түштөн баштап кечке чейин күндүн астында жүрүүнү чектөөнү, көлөкөдө же кондиционери бар бөлмөлөрдө болууну, дайыма суу ичүүнү, жеңил жана ачык түстөгү кийимдерди кийүүнү, ошондой эле балдарды эч качан жабык унаанын ичинде бир нече мүнөткө болсо да калтырбоону сунуштайт.
Биздин климат башка, бирок айрым тобокелдиктер бар
Системалык аналитик Бактыбек Саипбаев Кыргызстандын климаты европалык климаттан түп-тамырынан бери айырмаланарын белгиледи.

«Бизде климат континенталдык, анын ичинде кескин континенталдык болуп саналат. Ал эми Европага Атлантика океанынан нымдуу аба массалары келет, ошондуктан алар ысыктан кыйналып жатышат», — деп түшүндүрдү ал.
Анын айтымында, Кыргызстандын өзүнө тиешелүү тобокелдиктери бар: токойлор аз, жакын жерде чөлдөр көп, ошондой эле Өзбекстан менен Казакстанга да мүнөздүү болгон жайкы жогорку температуралар кадимки көрүнүш. Аномалиялардын көбөйүшүнүн себебин ал дүйнөлүк климаттын жалпы тең салмактан чыгышы менен түшүндүрөт. Мындай учурда жылуу жана муздак аба массалары кагылышат. Орусияда бул буга чейин күтүүүсүз жааган жаан-чачынга, күн күркүрөөгө жана мурда болбогон куюндарга алып келүүдө. Эксперттин айтымында, Кыргызстанга мындай процесстер азыраак деңгээлде жетет.
Кыргызстанга Европадагыдай ысыктан улам өлүмдүн көбөйүшү коркунуч туудурабы деген суроого Саипбаев этият жооп берди: «Биздин адамдар тарыхый жактан ысыкты Европага караганда жакшыраак көтөрүшөт, ал жакта мындай температура дегеле болгон эмес. Бизде 40 да, 45 градус да ысык болгон, эч нерсе болгон эмес. Маселе ысык мезгилдин канча убакытка созулушунда».
Ошол эле учурда ал өлүм көрсөткүчү климатологияга эмес, көбүрөөк саламаттык сактоо жана социалдык шарттарга байланыштуу маселе экенин белгиледи. Климаттык шарттар ар башка болгондуктан, так сандарды алдын ала айтуу мүмкүн эмес.
Мыйзамдар эмне дейт?
Кыргызстандын Эмгек кодексинде өзгөчө аптаптан улам расмий түрдө дем алыш күндөрүн берүү же жумуш күнүн милдеттүү түрдө кыскартуу каралган эмес, чечим иш берүүчүлөрдүн каалоосуна жараша кабыл алынат.
Кеңсе кызматкерлери үчүн так температуралык ченемдер жок, бирок кесиптик бирликтер кондиционерлерди орнотууну сунушташат. Сыртта ачык абада иштегендер үчүн +40°C жана андан жогору температурада Саламаттыкты сактоо министрлиги күндүн астында иштөөнү убактылуу токтотууну сунуштайт, бирок бул автоматтык түрдө дем алыш күн эмес, коопсуздук техникасынын талабы болуп саналат. Мектептер жана ЖОЖдор үчүн Билим берүү министрлиги аномалдуу ысык же суук мезгилде убактылуу аралыктан окутууга өткөрүүнү киргизе алат, бирок чечим жекече кабыл алынат.
Өлкөдө расмий жумушчу эмес күндөр өндүрүштүк календарь менен бекитилген мамлекеттик майрамдардын урматына гана каралган.