Түштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жеттиГрузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияландыИлгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалдыБишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөтКР жогорку окуу жайлары карыз үчүн диплом жана аттестаттарды кармап калууга укуксуз — акыйкатчы
UFC: Валентина Шевченко канча гонорар алаары белгилүү болду
28.09.2021 | 16:33
UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лорен Мёрфи менен болгон беттеште 392 миң доллар киреше тапкан.
Шевченко төртүнчү раундда атаандашын нокаут менен жеңди.
Кыргызстандык мушкер 350 миң доллар беттешке катышкандыгы жана жеңиши үчүн болсо, мушташка чейинки бир апта бою медиа жана башка иштерге убакыт бөлгөндүгү үчүн кошумча төлөм катары дагы 42 миң доллар берилген.
Ал эми атаандашы Лорен Мёрфинин акысы 132 миң доллар болгон. Анын 100 миң доллары беттеш үчүн, 32 миң доллар жарнама үчүн алды.
Белгилей кетсек, 26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 266 турнири өттү. Бул турнирде кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфиге каршы алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоду.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт