УКМК Абдраимовдун кыймылсыз мүлктөрүн таап чыкты

УКМК Абдраимовдун кыймылсыз мүлктөрүн таап чыкты

Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовго карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, тергөө учурунда ал жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алган.

Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдерди башка адамдардын атына катталган.

Ал жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 унаа токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, ошондой эле “Ысык-Ата” курортунун территориясындагы курулуш объектилерди каттаган.

Белгилей кетсек, Абдраимовго жана анын жакын туугандары активдери, киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 млн. сомдон ашык бааланган.

Бул факты сотко чейинки өндүрүшкө каттоого алынып, кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>