logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Атамбаевдин үйүнүн короосуна төгүлгөн таштар талкууга алынды

Атамбаевдин үйүнүн короосуна төгүлгөн таштар талкууга алынды

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө төгүлгөн таштар социалдык тармактарды талкууга алынууда. Төгүлгөн таштарды  журналисттер сүрөткө тартып калышкан.

Атамбаевди колдоо штабынын өкүлдөрү таштар оңдоо жумуштары үчүн алынып келингенин айтышкан.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары экс-президент таштарды атайын төктүргөн, ал кандайдыр бир ызы-чуу чыгарууну көздөп жатышы мүмкүн деп ар кандай божомолдорду жазышууда.

Айта кетсек, Алмазбек Атамбаев бүгун Кой-Таш айылындагы үйүндө өзүнүн айланасында болуп жаткан окуяларга байланыштуу билдирүү жасап, прездент “Сооронбай Жээнбеков тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты” деди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>