УКМК: «Хизб ут-Тахрирдин» 7 мүчөсү кармалды — видео

УКМК: «Хизб ут-Тахрирдин» 7 мүчөсү кармалды — видео

«Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 7 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун Бишкек шаарынын аймагында иштеген «жаштар канатынын» көмүскө ишмердүүлүгү токтотулду.

«Хизб-ут-Тахрирдин» Д.Б., Б.Б., М.Н., Ж.А., Ж.А., М.Ы. жана З.А. аттуу мүчөлөрү борбордогу ЖОЖдордун студенттеринин арасынан «Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун катарына жаңы тарапташтарды чакыруу жана даярдоо менен алектенген, жаңы тарапташтар тыюу салынган уюмдун катарына киргенден кийин келечекте мамлекеттик структураларга орношуп, экстремисттик идеологиянын жайылышына көмөкчү болушмак. Ячейка мүчөлөрү Конституцияга каршы материалдарды окутуу боюнча үзгүлтүксүз жашыруун сабактарды өткөрүшкөн, ошондой эле экстремисттик материалдар электрондук форматта, анын ичинде Интернет аркылуу (социалдык тармактар жана фейк аккаунттар) таратышкан», — деп айтылат маалыматта.

УКМК билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, «Хизб ут-Тахрир» уюмунун аталган мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар делген көп сандагы электрондук материалдар, баракчалар, ноутбуктар, планшеттер, смартфондор жана флеш-карталар табылып алынган. Алынган материалдарга жана электрондук алып жүрүүчүлөргө комплекстүү экспертиза дайындалды.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында көмүскө ячейканын 7 мүчөсү кармалды. «Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун жаштар канатынын лидерлеринин бири болгон Д.Б. аттуу жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.  Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>