УКМК кармаган Урмат Карыбаев 4 күндөн кийин үй камагына чыкты

12.10.2023 | 14:06

Буга чейин УКМК тарабынан кармалып, андан кийин камакка алынган «Бишкек башкы архитектуранын» жетекчиси Урмат Карыбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Урмат Карыбаев 6-октябрда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Биринчи май райондук соту тарабынан 16-октябрга чейин камакка алынган.

Бирок 10-октябрда анын бөгөт чарасы кайра каралып, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Соттун чечими менен ал 4-декабрга чейин үй камагына чыгарылган.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, Карыбаев жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, “кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга” шектелүүдө.

Урмат Карыбаев 2022-жылдын июнь айында «Бишкек башкы архитектура» ишканасына жетекчиси болуп дайындалган.

«Бишкек башкы архитектуранын» жетекчиси Урмат Карыбаев кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top