Ысык-Көлдө боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттерди кантип, каяктан сатып алса болот?

21.08.2026 | 10:21
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сайтында жасалма интеллект кызматы ишке кирди — Новости Кыргызстана

Ысык-Көлдө өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 1–6-сентябрдагы иш-чараларына билеттер онлайн жана офлайн форматта сатылат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирип, сатып алуунун жол-жобосун түшүндүрдү.

Билеттерди онлайн сатып алуу үчүн nebs.gov.kg расмий сайтына кирип, каттоодон өтүү зарыл. Төлөмдөр Visa, MasterCard, ЭЛКАРТ банк карталары жана ELQR аркылуу кабыл алынат.

Офлайн сатуу түйүндөрү 27-августтан тарта төмөнкү даректерде иштей баштайт:

  • Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» комплексинин кассасы;
  • Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жайгашкан эки сатуу түйүнү;
  • Бостери айылындагы «Дордой Номад» амфитеатрынын сатуу түйүнү.

Ал эми Кырчын капчыгайындагы иш-чараларга жана Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы музейине кирүү акысыз.

Министрлик көрүүчүлөргө электрондук билеттин QR-кодун башка адамдарга бербөөнү жана социалдык тармактарга жарыялабоону эскертти.

Reporter.kg редакциясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат. Өнөктөштүктүн алкагында басылма Оюндарга даярдык көрүү жана анын өтүү жүрүшүн чагылдырат, мелдештер, маданий программалар жана башка иш-чаралар тууралуу жаңылыктарды жарыялайт, ошондой эле окурмандарга окуялар болуп жаткан жерлерден ыкчам маалыматтарды сунуштап турат.

Scroll to Top