УКМК кримчөйрөдөгү адамдардын жакын туугандарын кармады

УКМК кримчөйрөдөгү адамдардын жакын туугандарын кармады

Кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттеринде кыргызстандык ишкерлерден опузалап акча алган кылмыштуу топко кирген эки адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында трансулуттук кылмыштуу топ кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде Кыргызстандын аймагында иш алып барган жеке ишкерлерден акча опузалап алуу боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушканы аныкталган.

7-октябрда ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Кыргызстандын М.О.Р. жана С.У.Т. жарандары кармалган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакын туугандары болушат.

Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>