Баланын жыныстык кол тийбестигин бузган кылмышкер жазадан кутула албайт

Баланын жыныстык кол тийбестигин бузган кылмышкер жазадан кутула албайт

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев балдарды зордуктоо жана башка сексуалдык мүнөздөгү аракеттер үчүн айыпталган кылмышкерлерди жазадан качуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну сунуштайт. Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү коомдук талкууга коюлду.

Автор акыркы жылдары өлкөдө баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы жасалган кылмыштардын саны бир нече эсеге өсүп кеткенин белгилейт. Демилге  баланын өмүрүн жана ден соолугун  коргоо жана кайтаруу максатын көздөрү айтылат.

«Кылмышкерлер түрмөдөн чыккандан кийин кайра эле ошол кылмышын кайталап жатканын тажрыйба көрсөтүп келет. Ушуга байланыштуу жогоруда белгиленген кылмышка айыпталгандар жаш курагына карабай жазык жоопкерчилигинен бошотулушпайт», — дейт Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору  балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү кылмышка айыпталган эркек 60 жаштан ашса дагы аны өмүр бою эркинен ажыратууга жол ачат. Айыпталуучу оор дартка чалдыкканына, же кылмыштын жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү эскерип кеткендигине карабай жазага тартылат.

Белгилей кетсек, Нарында 7 жашар кызды зордуктап, өлтүргөн 60 жаштагы кишинин 12 жылга эркинен ажыратылышы нараазычылык жараткан. Маселе парламентте көтөрүлүп, депутаттар кылмышкерди өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышкан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>