Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
“Кыргызкурорттуризмдин” жетекчисинин орун басары кармалды
28.07.2022 | 15:44
Коррупция фактысы боюнча Кыргызстандын профсоюздар федерациясына караштуу “Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын жетекчисинин А.М.Д. аттуу орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал 2012-2021-жылдары “Жалал-Абад” санаторийинин директору болуп турганда кылмыштык схема түзүп, мыйзамсыз акча чыгарган жана өз чөнтөгүн толтурган деп шектелүүдө.
Анын айынан “Жалал-Абад” санаторийине 42 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом