УКМК Мамкурулуш агенттигинин бир нече кызматкерин кармады

УКМК Мамкурулуш агенттигинин бир нече кызматкерин кармады

Улуттук онкология жана гематология борборунун имаратын курууда коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда Кылмыш кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Улуттук онкология жана гематология борборунун имараттарын курууда жана капиталдык оңдоодо Мамлекеттик курулуш агенттигинин жооптуу адамдары тарабынан мыйзамсыз акча каражатын алуунун туруктуу коррупциялык механизми аныкталган.

«Белгилүү болгондой «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын бузуу менен мыйзамсыз киреше алуу максатында Улуттук онкология жана гематология борборунун жаңы имаратын куруу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн буйрутма аткаруучу компанияны (подрядчик) тийиштүү сынактык тандоо өткөрбөстөн, башкармалыктын жооптуу кызматкерлери туунду буйрутма аткаруучу менен 340 млн сомго келишим түзгөн. Ошондой эле бүткөрүлгөн иштин көлөмүн иш жүзүндө кабыл албастан, бүтпөгөн иштерге акы төлөө жана башка финансылык укук бузуулар аныкталган. Курулуш экспертизасынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген материалдык зыян 13,5 млн сомду түзгөн», — деп айтылат маалыматта.

27-сентябрда Мамкурулуштун мурдагы директору А.Б.А., Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары К.Ж.К., башкы бухгалтер Ч.Б.Ж., техникалык көзөмөл боюнча инженер Н.Н.Ж. кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

29-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту А.Б.А. катуу ооруп жаткандыгына байланыштуу үй камагына чыгарган. Ал эми калган шектүүлөр бир айга камалган. Ошондой эле 13,5 млн сомдук зыяндын орду буйрутма аткаруучу компания менен К.Ж.К. тарабынан толтурулган.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>