УКМК: Мамлекеттик ишкана маркумду көмүүдө 5 миң долларга чейин алып тураган

УКМК: Мамлекеттик ишкана маркумду көмүүдө 5 миң долларга чейин алып тураган

«Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы» («БМАУ») мамлекеттик ишканасынын коррупциялык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «БМАУ» МИнин жеке кызматкерлери маркумду көмүү иш-чараларында аларды башка көрүстөндөргө коюлган деп каттоодон өткөрүп, расмий документтерди жасалма жол менен Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө көмүүгө миң доллардан 5 миң долларга чейин сый акы катары алып жүрүшкөн.

18-майында УКМК тарабынан маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен «БМАУ» МИ кызматкери кармалган.

Кармалган «А.А.» УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда «БМАУ» МИнин мындан ары мыйзамсыз иштерге катышкан кызматкерлерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, акысыз жер тилкелер жоктугуна байланыштуу, 2021-жылдын 1-январынан тартып Түштүк-Батыш көрүстөнү жабылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>