УКМК Марат Казакпаевдин өлүмү туурасында айтты

УКМК Марат Казакпаевдин өлүмү туурасында айтты

Мекмеменин билдирүүсүнө ылайык, УКМК Казакпаевди өз маалында ден-соолугуна кам көрүп, убагында дарылатып турган.

Мурда маалымдалгандай, бүгүнкү күнгө чейин М.С. Казакпаев такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, дарыгерлер тарабынан сунушталган дары-дармектерди алып, ден соолугунун абалы канааттандырарлык болгон. 2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

Марат Казакпаев анын ден соолугуна байланыштуу жубайынын кайрылуусунун негизинде  2022-жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 көз микрохирургиясына “жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия” диагнозу менен жаткырылган.

Ошондой эле, Марат  Казакпаев 2022-жылдын 25-майында М.Миррахимов атындагы кардиологиялык борбордун шартында комплекстүү текшерүүдөн, врачтардын кеңешинен өтүп, андан кийин дары-дармектер белгиленген.

19-майдан 9-июнга чейин Марат Казакпаевдин адвокаттары медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылган эмес. Мындан тышкары, Марат Казакпаев сот процесстерине өзү катышып жүргөн.

Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда эртең менен ден соолугунун абалы кескин начарлап кеткендигине байланыштуу УКМК демилгеси менен Марат Казакпаев Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылган. Ага “геморрагиялык инсульт” деген диагноз коюлган.

Саясат таануучу Марат Казакпаев 10-июнда саат 14:31де Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада мээнин сөңгөгүндөгү интрацеребралдык кан куюлуудан каза болду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Марат Казакпаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>