Ширин Алайчиева 6 ай тартылган ролигин ачыкка чыгарды (ВИДЕО)

Ширин Алайчиева 6 ай тартылган ролигин ачыкка чыгарды (ВИДЕО)

«Miss Supranational 2022» сынагына Кыргызстандын атынан биринчи жолу катыша турган Ширин Алайчиева өлкөбүздүн эң кооз жерлери тууралуу видеого тартылды.

Кыргызстан тууралуу үч мүнөттүк видеотасмада өлкөбүздүн эң кооз жана маанилүү жерлери чагылдырылып, тасманын сюжетинде 17ден ашык жер тартылган.

Съёмка 6 ай бою өлкөнүн кооз жерлеринде — Алайда, Чүй өрөөнүндө, Ысык-Көлдө, Нарында, Бишкек шаарында жана Ош шаарында өттү.

Бул видеодо төрт мезгил көрсөтүлүп, клиптин каарманы тасма тартуучу топ менен бирге мекенибизде 4500 чакырымдан ашык жолду басып өттү.

15-июлда Польшанын борборунда өтө турган дүйнөлүк сулуулук сынагында Кыргызстандын эң кооз жерлери жана өлкөнүн өкүлү тууралуу видеотасма көрсөтүлөт.

Жаралган видео чыгарма Ширин Алайчиеваны сынакта коштойт. Мындан тышкары ал сынактын жыйынтыгына таасир берет.

Ширин Алайчиева  24-июнунда Польшага барат. Үч жума бою сынактын баш байгеси үчүн күрөшөт. Учурдагы Ширин Алайчиева “Мисс Кыргызстан 2022” наамынын ээси.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>