УКМК медкызматкерлерди мажбурлап кечирим суратып жатат деген айыптоого жооп берди

УКМК медкызматкерлерди мажбурлап кечирим суратып жатат деген айыптоого жооп берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети медицина кызматкерлерин күчкө салып эл алдынан кечирим суратып жатат деген айыптоо боюнча жооп берди.

Мекеменин маалыматына караганда, айрым тараптар такталбаган маалыматтарды таратып, COVID-19 каршы иштеп жаткан баардык мекмелердин ишин жаман көрсөтүү аркылуу өздөрүнө жеңил пиар кылуу аракетин көрүшүүдө.

“Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган маалыматтарды жарыялап тараткандар, алардын арасында медицина кызматкерлери да аныкталган. Кармалгандарга түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин баардыгы кое берилген. Бул фактылар боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлдү”, — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК Ысык-Ата үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Бектур Апышевдин катышуусу менен кандайдыр бир иш-чара өткөзүлбөгөндүгүн жана анын катышуусу менен таратылган видеого эч кандай тиешеси жок экендигин билдирет.

Буга чейин  Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев көйгөйлөрдү айтып чыккан дарыгерлерди УКМК коомчулук алдында кечирим суратып, аларды кордоп жатат деп айтып чыккан.

Андан мурун  Ысык Ата районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Бектур аттуу кызматкери  “Твиттердеги” баракчасына дарыгерлерге коргоочу каражаттар жетишсиз экенин жана транспорт менен камсыз болбогонун жазган. Көп өтпөй анын баракчасы өчүрүлүп, өзү видео кайрылуу аркылуу жазгандарын төгүндөп, элден кечирим сураган.

13-апрелдеги брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, көйгөйдү айтып чыккан дарыгерлерди кечирим суратуу туура эмес экендигин айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>