Кыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелет
УКМК: Токтогулда баасы 148,5 млн сом болгон бир нече объект мамлекетке кайтарылды (видео)
04.09.2024 | 12:58
Жалал-Абаддын Токтогул районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бир катар социалдык объекттер жана жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Алардын жалпы баасы 148 млн 582 миң сомду түзөт.
Токтогул районунда мамлекетке кайтарылган объекттер:
- Аянты 1,3 га болгон “Токтогул” автобекети. Ал 2009-жылы мыйзам бузуу менен арзан баага сатылып кеткен. Азыркы базар баасы 63 млн 817 миң сомго жетет.
- Торкен айылындагы аянты 2 миң 342,8 чарчы метр болгон соода комплекс. Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Баасы 4 млн 155 миң сомду түзөт.
- Токтогул шаарынын А. Козубеков атындагы сейил бактагы 1,49 га жери бар жайкы кинотеатр. Анын базар баасы 73 млн 610 миң сомго жетет.
- Токтогул шаарынын “Тайбала-Кечүү” тилкесиндеги көчөттөр тигилген 2 га жер. Анын баасы 7 млн сомду түзөт.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди жана ишканаларды аныктап, мамлекетке кайтаруу иштери уланып жатканын билдирди.