Кыргызстан Кытайдан күйүүчү май жеткирүүнү көбөйтүүгө кызыкдар — Министрлер кабинети

Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларын жеткирүү көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экенин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын мунай-химиялык корпорациясынын (Sinopec) директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен болгон жолугушуусунда билдирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кечээ кыргыз делегациясынын Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна (КЭР СУАР) болгон жумушчу сапарынын алкагында сүйлөшүүлөр өттү.

Тараптар Sinopec корпорациясы менен күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда иштеген кыргыз компанияларынын ортосунда түз байланыштарды орнотууну, ошондой эле республикага мунай продуктуларын жеткирүү маселелерин талкуулашты.
Делегациянын курамына Кыргызстандын мунай тармагындагы ондон ашык компаниянын жетекчилери кирди. Акунбековдун айтымында, бизнестин катышуусу ишкерлерге кытай тарап менен кызматташуу маселелерин түздөн-түз талкуулоого мүмкүндүк берет.

«Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларын жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Мен бул багыттын келечеги чоң деп эсептейм жана ал өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин алкагында кызматташуунун узак мөөнөттүү багыты болуп саналат», — деди ал.
Өз кезегинде Тянь Хунбинь мурда жетишилген келишимдерди ишке ашырууга жана мунай тармагындагы жаңы багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жана компаниялардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтор мунай продуктуларын ташуу, бажылык тариздөө, товар жүгүртүү жана Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүнүн башка аспектилерин талкуулашты.