Кыргызстан мобилдик клиниканы каржылоону дагы эки жылга узартууну өтүндүНаманган менен Кыргызстан 55 млн долларлык фармацевтика өндүрүшүн биргелешип ишке ашырууну пландоодоКыргызстанда браконьерлик үчүн жаза күчөтүлдү — президент мыйзамга кол койдуКыргызстан күйүүчү майдын баасын субсидиялоодо: мамлекеттик колдоо болбосо бензиндин баасы 105 сомго жетмекУлугбек Мамыралиев «Электр станциялары» ААКын жетектеди — ал тууралуу эмнелер белгилүүӨзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду төрт жылда 100 млн долларлык 37 долбоорду жактырды
УКМКнын “Альфа” тобу Дубайдагы мелдеште 41-орунду ээледи
17.02.2020 | 09:47
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын бөлүгү Дубайдагы эл аралык тактикалык машыгуу мелдешинде 41-орунду ээледи. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
Жалпысынан «SWAT challenge 2020» аталышындагы эл аралык тактикалык мелдешке 30 өлкөдөн 54 команда катышкан. Биринчи оорунду Дубай шаарынын полициясы, экинчи орунду Орусиянын «Витязь» атайын бөлүгү, үчүнчү сорунду белорусиялык СОБР алган.
Өзбекстандын атайын даярдыктагы жоокерлери 15-оруду, Армениянын “Альфа” атайын түзүмү 28-орунга ээ болгон.
Мелдештин жүрүшүндө командалар согуштук жана тактикалык иш-аракеттерге даярдыгын көрсөтүшкөн.
Мелдеште биринчи орунду алган командага 70 миң доллар, экинчи орунга 30 үчүнчү орунга 20 миң доллар берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом