Кыргызстан мобилдик клиниканы каржылоону дагы эки жылга узартууну өтүндү

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ислам өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту. Делегацияны Король Абдалла атындагы Гуманитардык фонддун башкы директору доктор Абдулазиз бин Фахад Аль-Анкари жетектеди. Жолугушууда Кыргызстандагы мобилдик көп тармактуу диагностикалык клиника долбоорунун мындан аркы келечеги талкууланды.
Долбоор өлкөдө 2021-жылдын ноябрь айынан бери Король Абдалла атындагы жардам берүү программасынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу жана Normeca AS компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашырылып келет.
Бул аралыкта мобилдик клиника 171 миңден ашуун бейтапка жардам көрсөтүп, 587 миңден ашык консультация жана диагностикалык текшерүү жүргүздү. Дамир Осмонов долбоорду өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы эң ийгиликтүү демилгелердин бири деп атап, анын аркасында алыскы жана айылдык аймактардын тургундары тар адистердин акысыз кеңешин, заманбап диагностика жана керектүү дары-дармектерди алып жатканын белгиледи.
Министр учурда мобилдик клиниканы министрликтин балансына өткөрүүгө даярдык жүрүп жатканын билдирди. Бирок бул үчүн уюштуруучулук, каржылык, техникалык жана кадрдык иштерди бүтүрүү, инженердик-техникалык адистерди даярдоо, ченемдик-укуктук базаны түзүү жана туруктуу мамлекеттик каржылоону камсыз кылуу талап кылынарын айтты.
Ушундан улам кыргыз тарап Ислам өнүктүрүү банкына долбоорду каржылоону дагы эки жылга узартуу өтүнүчү менен кайрылды. Осмоновдун айтымында, бул мобилдик клиниканын ишин үзгүлтүксүз улантууга жана долбоор Саламаттык сактоо министрлигинин системасына этап-этабы менен өткөрүлүп жаткан учурда калк үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн сактап калууга мүмкүндүк берет.
Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары да улантууга кызыкдар экенин билдиришти. Тараптар өнөктөштүк өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого мындан ары да салым кошоруна ишеним билдиришти.