Кыргызстан күйүүчү майдын баасын субсидиялоодо: мамлекеттик колдоо болбосо бензиндин баасы 105 сомго жетмек

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети дүйнөлүк рынокто мунай продуктуларынын баасы жогору бойдон сакталып турганына карабастан, өлкөдө күйүүчү-майлоочу майлардын баасын аймактагы эң жеткиликтүү деңгээлде кармап келүүдө. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын июль айынын аягына карата бул негизинен Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы №369 токтому менен киргизилген күйүүчү майды импорттоочуларды жана сатуучуларды субсидиялоо механизминин эсебинен камсыздалууда.
Бул механизмге ылайык, мамлекет импорттолгон мунай продуктуларын сатып алуунун иш жүзүндөгү баасы менен эсептик баанын ортосундагы айырманы компенсациялайт. Эгер мындай мамлекеттик колдоо болбогондо, Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы болжол менен литрине 105 сом, дизель майы 115 сом, ал эми автогаз 55 сом болмок. Мындан тышкары, күйүүчү майдын баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу, импорттолгон мунай продуктулары боюнча акциздик салыктын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жана күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча кошумча чаралар кабыл алынган.
Натыйжада учурда Бишкекте Аи-92 бензининин баасы литрине 86,9 сомду түзөт. Бул көрсөткүч Армениядагы (125 сом), Тажикстандагы (118 сом) жана Өзбекстандагы (95 сом) баалардан төмөн. Баасы мамлекеттик жөнгө салуу жана өзүнүн мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун эсебинен эң төмөн бойдон калган Казакстанга салыштырмалуу гана бир аз жогору. Ушундай эле жагдай дизель майы жана автогаз боюнча да байкалат. Министрлер кабинети белгилегендей, Кыргызстан коңшу өлкөлөрдүн айрымдарынан айырмаланып, дээрлик толугу менен импорттук мунай продуктуларына көз каранды.
Ушул саясаттын алкагында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мунай продуктуларын саткан бардык май куюучу жайлар менен социалдык маанидеги күйүүчү майлардын баасын белгилөө боюнча макулдашууга кол койду. Документ Министрлер кабинетинин №369 токтомун жана Экономика министрлигинин 2026-жылдын 26-майындагы №106 буйругун аткаруунун алкагында түзүлгөн.
Макулдашууга ылайык, жеткирүүчүлөр Аи-92 бензинин, дизель майын жана автогазды бекитилген баа өзгөртүү графигине ылайык сатууга, алардын баалык жана физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле заводдордун дүң бааларындагы өзгөрүүлөр тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына өз убагында маалымат берип турууга милдеттеништи.
Өз кезегинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөп, рыноктогу кырдаалга талдоо жүргүзөт жана объективдүү экономикалык факторлорду эске алуу менен баалардын графигин өзгөртүү боюнча рыноктун катышуучуларынын сунуштарын карайт.
Мунай трейдерлеринин маалыматына ылайык, мунай продуктуларын импорттоо боюнча сунушталып жаткан жаңы келишимдердин баасы мурдагыга салыштырмалуу бир нече эсеге кымбаттап, логистикалык кыйынчылыктар да жаралууда. Ошого карабастан, Министрлер кабинети көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн күйүүчү-майлоочу майлар рыногундагы туруктуулукту сактоого, калк менен бизнес үчүн күйүүчү майдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана тышкы баа өзгөрүүлөрүнүн экономикага тийгизген таасирин азайтууга мүмкүндүк берип жатканын белгиледи.