Наманган менен Кыргызстан 55 млн долларлык фармацевтика өндүрүшүн биргелешип ишке ашырууну пландоодо

Өзбекстандын Наманган облусунун инвестициялар жана соода маселелери боюнча хокиминин орун басары Окибжон Инамов өнөр жай кооперациясына арналган бизнес-форумдун алкагында Кыргызстан менен кызматташтыктын келечеги тууралуу айтып берди. Форумдун өзүнчө бөлүгү фармацевтика тармагына арналды.
Анын айтымында, учурда талкууланып жаткан долбоорлордун жалпы наркы 55 млн долларды түзөт. Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин кызматташтыгы барган сайын бекемделип жатканын белгилеп, мындай форумдар эки тарап үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын, ошондуктан аларды мүмкүн болушунча көбүрөөк өткөрүү керектигин айтты.
Инамов Кыргызстандын ишкерлери тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери менен бирге Өзбекстанга тез-тез барып турушу керектигин сунуштады. Ошондой эле ал сентябрдын аягында Наманган облусунда дагы бир ири бизнес-форум өткөрүү пландалып жатканын билдирди.
Фармацевтика тармагындагы кызматташтык тууралуу суроого жооп берип жатып, хокимдин орун басары Наманган облусунда бул тармак өзгөчө өнүккөнүн белгиледи. Анын айтымында, аймакта «Kosonsoy Pharm» эркин экономикалык аймагы жайгашып, анда Өзбекстандагы эң ири фармацевтикалык ишкана иштейт. Учурда ал 368ден ашуун дары-дармек түрүн чыгарат.
Ошондой эле ал кыргыз тарап менен даяр дары-дармектерди биргелешип өндүрүү гана эмес, фармацевтикалык чийки затты бирге өстүрүү боюнча да кызматташтыкты жолго коюу пландалып жатканын билдирди.