УКМКнын аскер бөлүгүндө жаш жоокерлер ант берди — сүрөт

УКМКнын аскер бөлүгүндө жаш жоокерлер ант берди — сүрөт

Бүгүн, 29-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 64479-аскер бөлүгүндө күзгү чакырылыштагы жаш жоокерлердин Аскердик ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, 64479-аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, «Жоокерлердин энелери» комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, УКМКнын ардагерлери, ошондой эле ата-энелер катышты.

«Ачылыш аземинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаш жоокерлерге ак ниет кызматты, кынтыксыз тартипти жана бардык билимди жогорку деңгээлде өздөштүрүүсүн каалады. Ошондой эле, аскерге милдеттүүлөрдүн аскердик милдетин өтөп, аскердик билимди өздөштүрүүсүнө бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>