УКМКнын атын жамынып, мыйзамсыз иштерди жасоого шектүү кармалды

УКМКнын атын жамынып, мыйзамсыз иштерди жасоого шектүү кармалды

УКМКнын атын жамынып, мыйзамсыз иш аракеттерди кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кара-Суу районунун О.А. аттуу тургуну өзүн атайын кызматтын кызматкери катары тааныштырып, өлкө жетекчилиги менен тааныштыгы бар экенин айтып, мыйзамсыз иш аракеттерди кылып жүргөн.

«Такталган боюнча, О.А. атту жаран психологиялык таасир көрсөтүү менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Б.Э. аттуу кызматкерине 0,65 га жерге мамлекеттик актты мыйзамсыз каттаткан жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыктын тергөө камак жайына камакка алынган», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, бул ишке байланыштуу О.С. аттуу жаран шектүү катары айыпталып, жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында О.С. жашаган жеринен жерди пайдалануу жаатындагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин көрсөткөн материалдар табылып алынды.

Азыркы учурда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана жоопкерчиликке тартууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>