ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
УКМКнын имаратынын терезесинен Алмазбек Атамбаев жакындарына кол булгалады (видео)
04.09.2019 | 14:24
Бүгүн 4-сентябрда Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча жактоочулардын апелляциялык арызы каралууда.
Алмазбек Атамбаев сыртта турган жакындарына УКМКнын имаратынын терезесинен кол булгалады. Ал жакта Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулу Кадыр Атамбаев, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова жана башкалар болгон.
Атамбаевдин терезеден кол булгалаганын көргөн жакындары аябай кубанышты.
Бүгүн Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттары Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, жана Карамат Орозова менен көрүшкөн. Бул тууралуу Кодуранова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат