Кыргызстан какаого жана ири иш-чаралар үчүн товарларга бажы жеңилдиктерин алды«Баатыр энелердин» балдарына ЖОЖдордо кошумча гранттык орундар бөлүнүшү мүмкүнДепутат мектептерде жасалма интеллект сабактарын киргизүүнү сунуштадыСарыбашов аймактар ортосунда темир жол каттамдарын калыбына келтирүүнү сунуштадыУКМК Манас шаарындагы спорт мектебин реконструкциялоодо коррупцияны аныктады: зыян 7 млн сомдон аштыМамлекеттик автомектептерде практикалык сабактарды өтүү тартиби өзгөрдү
УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Абдыжалил Жамалов каза болду
06.05.2022 | 18:09
Улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, отставкадагы генерал-майор Абдыжалил Жамалов бүгүн каза болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Абдыжалил Жамалов 1951-жылы 1-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көлдө туулган.
Улуттук коопсуздук органдарындагы кызматын 1976-жылдын апрель айында баштаган. Тергөөчүдөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басарына чейин иштеген. 2006-жылдын февраль айында Башкы штабдын начальниги – Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары (азыркы УКМКнын Чек ара кызматы) болуп дайындалган.
Reporter.kg’нин жамааты Жамаловдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом