УКМКнын Ысык-Атадагы бөлүмү жаңы имараттуу болду (сүрөт)

УКМКнын Ысык-Атадагы бөлүмү жаңы имараттуу болду (сүрөт)

Бүгүн, 24-августта УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жаңы салынган имараттын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев,Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев, башкармалыктын өздүк курамы жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышкан.

Ачылыш аземинде Ташиев сөз сүйлөп, кызматкерлер үчүн өз милдеттерин аткаруу үчүн тиешелүү шарттар түзүлө берерин, УКМКнын кызматкерлери коррупция жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү ишин так аткарышы керектигин айткан.

УКМКдан билдиришкендей, жаңы имаратта кызматкерлердин иштөөсү үчүн керектүү шарттар түзүлүп, бардык заманбап талаптарга жооп берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>