Украинада орусиялык журналист көз жумду

Украинада орусиялык журналист көз жумду

Орусиялык аскер кабарчысы Сергей Постнов Украинадагы согушта каза болду. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 13-июндан 14-июнга караган түнү аскер журналисти, орус гвардиясынын ММКлар менен өз ара аракеттенүү боюнча башкармалыгынын 1-башкармалыгынын маалыматтык жооп берүү тобунун башчысы, полковник Сергей Постновдун аскердик милдетин аткарып жүрүп, өмүрү кыйылган.

Белгиленгендей, журналист Харьков облусунун жана Луганск Эл Республикасынын шаарлары менен поселокторун бошотууну чагылдырган.

Постнов 2002-жылы Коргоо министрлигинин Аскердик университетинин маданият жана журналистика факультетин бүтүрүп, ИИМдин ички аскерлерине кызматка дайындалган. Райондук «Зорький часовой» гезитинин кабарчысы, кийинчерээк редактору болуп иштеген, ошондой эле « На боевом посту » аттуу аскер журналынын редакциясында да көп жыл эмгектенген. Ар кандай сыйлыктарга, анын ичинде «Мекенге кызмат кылгандыгы үчүн», 2-даражадагы кылыч, Суворов медалдарына көрсөтүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>