Футбол: Крестининди түз эфирде атайын көрсөтпөй койдубу? Жооп

Футбол: Крестининди түз эфирде атайын көрсөтпөй койдубу? Жооп

Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди  КТРК Спорт каналы түз эфирден көрсөтпөгөнүнө байланыштуу аталган канал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берди.

Урматтуу футбол сүйүүчүлөрү жана күйөрмандары!

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу

А. Крестининди » КТРК СПОРТ телеканалы түз эфирде атайын көрсөтпөй койду» деген пикирлер чындыкка дал келбейт. Анткени, ушул күнгө чейин телеканал кыргыз спортун колдоп, коомчулукка түз алып көрсөтүүлөрдү үзгүлтүксүз уюштуруп келе жатканы маалым. Өлкөбүздө орун алган эл аралык спроттук беттештерди чагылдырууда УТРК мындан ары дагы өз милдеттерин татыктуу аткара бермекчи.

Ал эми режиссёрдун өздүк баракчасы аркылуу жазылган комментарий бүтүндөй Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын көз карашын билдирбейт.

Корпорация жетекчилиги режиссёрдун жоопкерчилиги боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт. Анын жыйынтыгы менен кызматкерге карата мыйзам чегинде административдик чара колдонуларын билдиребиз.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, А.Крестинин тарабынан футболго кошуп жаткан чоң салымын сыйлайбыз жана колдоого алабыз”- деп айтылат билдирүүдө.

 

Азия кубогуна тандоо оюндарында (Кыргызстан — Сингапур, Кыргызстан — Мьянма, Кыргызстан — Тажикстан) Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди КТРК Спорт каналы көрсөтпөгөнүн журналист Кенжебек Арыкбаев байкаганын Фейсбукка жазып чыккан. Ага КТРК Спорт каналынын режиссеру Элдияр Айылчиев «Крестинин өзүнүн текебердигинен ушуну көрүп жатат» деп жооп бергени коомчулукта талкууну жараткан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>