Жапаров Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы менен кездешти  

Жапаров Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы менен кездешти  

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алды. Бул туурасында өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бурса провинциясындагы Изник шаарында IV — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жакынкы келечекте өнүктүрүү маселелери жана бул демилге алкагындагы иш-чаралар боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап мындай эл аралык масштабдуу иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Конфедерациянын тарыхын айтып берип, Уюм  дал ушул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн аркасында түзүлгөндүгүн белгиледи. Ошондой эле Уюштуруу комитети жасап жаткан иштерге токтолду.

Билал Эрдоган Изник шаары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө тандалганы кокустан эместигин белгиледи.

Биринчиден шаар көл жээгинде жайгашып, Ысык-Көлдү эске салат. Экинчиден, анын аймагында биздин доордун экинчи миң жылдыгынын башында бул шаарды алуу учурунда курман болгон кыргыз жоокерлери үчүн эстелик Мемориалы орун алган.

Президент Садыр Жапаров иш-чарага даярдык көрүүдө ийгилик каалап, өлкөбүздүн ага активдүү катышууга даярдыгын тастыктады.

Маалымдама:

Буга чейин Оюндарды Бурса провинциясындагы Бурса шаарында өткөрүү пландалып, бирок 2020-жылдын күзүндө коронавирустук  пандемиясынан улам кийинкиге калтырылып, кийин Изник шаарына которулган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>