УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган чет элдик жаран кармалды

УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган чет элдик жаран кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган чет элдик жаран кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМК тарабынан криминалдык элементтерге жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүү учурунда Кыргызстандын аймагында бир катар оор кылмыштарды, анын ичинде каракчылык кылмыштарды жасоого айыпталган чет өлкөлүк жаран жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн, бир нече жолу соттолгон  1990-жылы туулган Казакстандын жараны С.А.А. аныкталып, кармалды. Аталган жаран жазадан кутулуу максатында 2023-жылдын күзүндө көзөмөл-өткөрмө бекеттен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, КР аймагында жашырынып жүргөн.

Учурда С.А.А. Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>