Улакчынын өлүмү боюнча оюнчу менен калыс кармалды

Улакчынын өлүмү боюнча оюнчу менен калыс кармалды

Кечээ, 12-мартта каза болгон көк бөрүчүнүн иши боюнча бир оюнчу менен калыс кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кечээ болжол менен саат 10:00 чамасында «Ак-Кула» ат майданында «Көк-бөрү» улуттук оюндар федерациясы уюштурган оюн башталганынан болжол менен 10–15 мүнөт өткөндөн кийин оюн эрежелеринин одоно бузулушу менен байланышкан кагылышуудан улам оюнчулардын бири аттан кулап, эс-учун жоготкон. Оюн дароо токтотулуп, окуя болгон жерге тез жардам чакырылган.

45 жаштагы С.М. аттуу улакчы алган жаракаттарынан улам ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 29 жаштагы А.Ч. жана оюн учурунда калыстык кылган 42 жаштагы Ш.У. кармалышкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө уланып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>