УКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды

УКМК төрагасынын биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Аскер прокуратурасынан билдиришти.
Булактардын маалыматына караганда, кармоону Аскер прокуратурасы жүргүзгөн. Азырынча кармоонун себептери жана жагдайлары тактала элек.
Курванбек Авазов 2025-жылдын 1-декабрында УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Ага чейин ал УКМКнын Антитеррордук борборун жетектеген. Бул кызматта Авазовдун ордуна Рустам Мамасадыков келген. Ал ошол эле күнү Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган.
Каныбек Досмамбетов 2025-жылдын 24-декабрында Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген. 2026-жылдын 24-февралында президент Садыр Жапаров аны кызматынан бошоткон. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Дамирбек Осмонов дайындалган.
Окуянын чоо-жайы такталууда.