Түркмөнстандан 60 тонна помидор ташып келаткандар кармалды

Түркмөнстандан 60 тонна помидор ташып келаткандар кармалды

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери дээрлик 60 тонна контрабандалык помидорлорду аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы помидорлорду жалпы салмагы 40 000 килограммды түзгөн. Жүк Түркмөнстандан «С.у.К.» жеке ишкердин дарегине жөнөтүлгөн. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 632 732 сомду түзгөн. Мындан тышкары, «Түндүк-Чыгыш» бажысы товарларды декларациялабоо фактысын аныктаган.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын февраль айында «В.Г.» ЖЧКнын дарегине КР жараны «А.Э.» башкаруусунда «Scania» үлгүсүндөгү унаа менен Түркмөнстандан ЕАЭБдеги Кыргызстандын бажы аймагына жалпы салмагы 19 600 кг, баасы 15 660 АКШ доллардагы жаңы помидор товары келгени аныкталган.

30-июнга карата төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн наркы 316 733 сомду түзгөн (айыппулдарды эсепке албаганда).

Фактылар каттоого алынып, материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>