Улан Ниязбеков Интерполдун башкы катчысы менен жолугушту

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Интерполдун башкы катчысы Валдеси Уркиза менен жолугушту. Жолугушуу Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин кеңешмесинин алкагында болду.
ИИМдин маалыматында, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана эл аралык укук коргоо кызматташтыгын чыңдоо маселелерин талкуулашкан. Өзгөчө көңүл ыкчам маалымат алмашуу жана кылмышкерлерди эл аралык издөө иштерине бурулду.
Улан Ниязбеков Интерпол менен кызматташуу КРдин Ички иштер министрлигинин эл аралык ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыт экенин билдирген. Анын айтымында, бул өз ара аракеттенүү чек арадан өткөн кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатат.
Валдеси Уркиза өз кезегинде өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экенин билдирип, Интерполдун Улуттук борбордук бюролору укук коргоо органдарынын ишин координациялоодо негизги ролду ойной турганын баса белгилеген.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактык, глобалдык деңгээлдеги коопсуздукту чыңдоо багытында кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдирген.