ШКУ саммитине карата Бишкектин айланма жолу гүлдөр жана газондор менен кооздолот

04.06.2026 | 14:35
подготовка к шос

«Бишкекжашылхоз» муниципалдык ишканасы алдыдагы ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) саммитине даярдык көрүүнүн алкагында борбор калааны жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча масштабдуу иштерди улантууда. Учурда ишкананын негизги күчтөрү Васильевка трактынын (айланма жол) тилкесине багытталган.

Адистер жаңы газон төшөө үчүн кыртышты түздөө жана топурактын күрдүү катмарын даярдоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Ошондой эле бул тилкеде гүл композициясын түзүү пландалууда. Иштерди аткарууга өндүрүштүк кызматтардын кызматкерлери жана төрт бирдик атайын техника тартылган.

Мэриядан белгилешкендей, бардык иш-чаралар эл аралык делегацияларды кабыл алуунун алдында Бишкектин кире бериш бөлүгүнүн экологиялык абалын жана эстетикалык келбетин жакшыртуу максатында өткөрүлүүдө.

Теги: ШКУ
Scroll to Top