Катардын MBK Holding компаниясы Кыргызстанда инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарНарында дээрлик 5 чакырымды түзгөн «Куланак» каналынын курулушу жүрүүдөТоголок кениндеги объектилерди куруу боюнча EPC-подрядчы болуп China Nerin Engineering тандалдыЧет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн «Электрондук консул» мобилдик тиркемеси иштелип чыктыБишкекте улгайган адамдарды алдап жүргөн деген шек менен 22 жаштагы жигит кармалдыЫсык-Көлдө «Бажы экосистемасы боюнча диалог» аттуу эл аралык IT-конференция өтүүдө
Улукбек Кочкоров министрлик кызматтан кетти
24.08.2020 | 16:02
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров отставкага кетти. Ал мындай билдирүүнү Бишкекте өткөн маалымат жыйында жасады.
Кочкоров өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз бергендигин айтты.
«Бүгүнкү күндө мен мамлекетибизге көбүрөөк пайда алып келгим келет. Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигимди коём. Учурда министрлик кызматтан кеттим», – деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, Улукбек Кочкоров «Биримдик» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар