Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Улуттук банк 280 адамдын насыясын кечти
16.11.2022 | 19:57
Улуттук банк Башкармасы Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуулардан жабыркаган комбанктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын кардарларына, финансы-кредиттик уюмдарга колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында 280 насыяны кечти. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, финансы-кредиттик уюмдарга 443 карыз алуучу кайрылган. Ал эми кечилген насыялардын жалпы суммасы 19 миллион 370 миң сомго жеткен.
Мындан тышкары, 28 млн 836 миң сомго 138 насыя реструктуризацияланган.
“Учурда финансы-кредиттик уюмдар жабыр тарткан бардык карыз алуучулардын арыздарын кароодо”, – деп белгилейт Улуттук банк.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика