Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Төө-Ашууда тыгынды айрым айдоочулар жасашууда (видео)
16.11.2022 | 20:57
Бишкек-Ош-унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда болгон тыгындарга кээ бир айдоочулар себепкер болууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жол эрежесин сактабай, чоң жүк ташуучу уналар чектөөлөргө баш ийбей, кээ бир айдоочулар карама-каршы тилкеге чыгып, жолду жаап калууда. Жол тазалоочу атайын жол техникалар тазалоо иштерин аткара албай жатышат. Бардык айдоочуларды эрежени сактоого, жол техникасынын жумушуна тоскоолдук жана тыгын кылбоого чакырууда.
Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар калың жаап, бороон болуп, кардын калыңдыгы 25 сантиметрге чейин жеткени кабаланган.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар